Талаптары жогору. Өзүнө да, өнөктөшүнө да. Буга даяр болуш керек. Ушул жашына чейин ал бир топ
бийикке көтөрүлдү. Бул талаптар бүтүндөй жашоо образына таасир берет: же буга даяр болушуң керек,
же өзүңө да ушундай талаптарды коюшуң керек.
Жашоодо жетишкендиктериң болгону жакшы. Келечекке пландарың да болушу керек.
Кандай жетишкендиктер? Муну мындай айтып берүү кыйын, алардын айкалышы өзүнчө сүйлөшүлөт.
Эң негизгиси — чоң потенциал жана аны жашоодо ишке ашыруу.
Эгер дагы деле өзүңдү «издеп» жүрсөң, азыр эле баш тартканың жакшы.
Бегимай «тил алчаак» үй кожойкеси болуп, тамак жасап, сенин кир байпактарыңды жууп берет деп күтпө.
Мындай дейин: баары болот. Ал сонун кожойке да, камкор эне да, мээримдүү жубай да болот.
Бирок ага ылайыктуу шарт түзүү керек. «Аялы бактылуу болсо — үйдө тынчтык» — бул так эле ал жөнүндө.
Негизги ыңгайлуулук, эмоциялык жана каржылык туруктуулук бул формуланын пайдубалында жатат.
Каржылык максаттары биринчи караганда аткарылгыс болуп көрүнүшү мүмкүн, бирок алар асмандан
алынган эмес. Бегимай меркантилдүү адамдай сезилиши мүмкүн. Чынында ал абдан эсепчил, анткени
каржылык туруктуулуксуз туруктуу жана бактылуу үй-бүлөнү элестетүү мүмкүн эмес.
Өз үйү жок, өз унаасы жок, дүйнө кыдырууга мүмкүнчүлүк жок, болочок жолдошу келечектеги
балдарынын жашоосун кантип камсыздай турганы боюнча планы жок болсо кыйын.
Айтмакчы, анын сүйүктүү унаа маркасы — Lexus (бирок BMW'га да макулдашсаңар болот).
Курбулары — анын жашоосунун маанилүү жана ажырагыс бөлүгү. Албетте, үй-бүлөдө өнөктөш биринчи орунда.
Анын алдына ультиматум койбоо өтө маанилүү. Үй-бүлөнүн жыргалчылыгы үчүн өзү тандоо жасап,
маанилүү нерселерден баш тартууга даяр болот. Бирок курбулары менен убакыт өткөрүү да ал үчүн маанилүү.
(Алар менен шопингге да коё бериш керек. Болгону картаңды карматканды унутпа).
Эми жалпы элес пайда болду. Эгер анын айланасында ылайыктуу атмосфера түзө алсаң,
дүйнө көргөн эң кымбат казына сенин жаныңда болот. Дүйнөдөгү бардык бриллианттан да,
коомдун бардык жыргалчылыгынан да баалуу. Мындай кызды дагы издеп көр.