“Ал кактус сыяктуу — сыртында тикенектери бар, бирок көңүл коюп, аяр жана камкор мамиле кылсаң,
алдыңда бүтүндөй бир дүйнө ачылат»
Биз, анын жакын достору, бул сайтты жасоону чечтик. Анткени Бегимай өзү тууралуу эч качан айтып бербейт. Айта турчу нерселер болсо көп.
Болочок күйөө үчүн резюмеКөзү көрбөгөндөргө ал — көз. Ачка болгондорго — ашпозчу. Чаңкагандар үчүн — суу. Мм, мейли, тамашаны бир четке коё туралы. Бегимай — өзүнүн карама-каршылыктары бар, кандай гана кырдаал болбосун өзү бойдон кала билген сейрек сапатка ээ, көп кырдуу жана кызыктуу адам. Кыска убакыттын ичинде анын жан дүйнөсүнүн баардык булуң-бурчун таанып бүтөм деп элестетүү мүмкүн эмес. Кээде ал эң таза сууга толгон көл сыяктуу: канчалык үңүлүп караба, түбү таптакыр көрүнбөйт. Анын ички дүйнөсүн океанга салыштырса болот: токтоо жана эстүү, эгерде ызы-чуулуу компаниялардан алыс, өзүн эркин сезген чөйрөдө болсо эпатаждуу жана эмоциялуу. Эгерде жүрөгү чоң бою кичинекей бул жакшы кыздын тереңиндеги белгисиздик сени коркутпаса, эгер сен Жак-Ив Кусто сыяктуу анын татаал, көп кырдуу табиятын күн сайын изилдөөдөн ырахат алууга даяр болсоң, анда досторунун көз караштары менен тааныша кет.
Аны жакшы көргөндөрдөн бир-эки сөз
Анын жанында токтобой иштечү кыймылдаткыч четте нервтенип тамеки чегип калат го. Ал эрте мененки сейилдөөдөн таңкы 7де келип, баарын боорсок жасаганга тургуза алат. Анан башкалардын уйкулуу жүздөрүнө чын эле таң калып коёт. Бул моторчик жаныңда иштеп баштаганда, күчүм жок деп ойлонгонго да үлгүрбөйсүң. Жада калса экзаменге даярданып, уктабай чыккан түндөн кийин дагы… Бирок батерейканы кандай болсо деле кубаттап туруу керек…
Саякаттар ага аябай күчтүү заряд берет. Ал дүйнөнү кайра-кайра таанып-билгенди абдан жакшы көрөт. Бир жолу 2 саат ойлонуп Стамбулга барууга макул болгон, болгондо да учак кийинки күнгө болчу. Бул кушту капаста көпкө кармоого болбойт. Ага эркиндик жана кеңдикти сезүүсүнө мүмкүндүк берүү керек. Куш ыраазы болсо, ырлары да аябай жандуу, шаңдуу чыгат.
Биздин момпосуйдай кыздын жашоодо катуу ишенимдери бар. Алардан оңой эле баш тартып койбойт. Жашоо образы да ошондон калыптанат. Керектүү нерсени жасоо: алгач максат коёбуз, анан жетебиз. Бирок эс алууну да унутпаш керек: маанайга жараша сериал көрүү же деңиз жээгинде велосипед тебүү. Айтмакчы, ал деңизди да, курбуларын да абдан жакшы көрөт. Экөөнү бириктирсең, дүйнөдө андан бактылуу адам табылбайт.
Мимикасы, бир аз балалык тазалыгы, жаңы нерсени билүүгө умтулуусу жана чексиз энергиясы кошулуп, сени тең салмактан чыгара турган бороон жаратканда, кайгырууга жетишпей да каласын. Эрксизден жылмайып, анан айланаңды таңкы тумандай тынчтык басат. Ой, анын таң калганын көрсөң, кайдыгер калбайсың. Жандуу эмоцияларын көрсөтө билгени айланасындагылардын аны жакшы көрүп калышына себеп болот. Бирок мунун баары эл көрсүн үчүн деп ойлобо. Билсең, бул кереметти толук түшүнүү мүмкүн эмес…
Эмгекчилдиги менен тырышчаактыгы жаш кезине карабай жашоодо жакшы жерлерге жетишине жардам берип келген. Анысына чагылгандай тез үйрөнгөнүн кошсок, максатка жетүү боюнча монстр чыгат. Өзү муну албетте айтпайт, анткени жете алгыс максаттарды коёт (анан эле кайра-кайра аларга жетет). Кайсы иште болбосун анын өсүшүн карап туруп, жаны көндүмдөрдү канчалык тез, эптүү жана шайкеш өздөштүрөрүнө таң каласың. Бегимайдын өзүнө да, айланасындагыларга да катуу талап койгону ушундан.
КИР. Бул сөздүн өзү эле Бегимайда аллергия чакырат. Абдан таза жүргөн кыз, айланасындагылардан да ошону күтөт. Мейманканадагы шейшептердин кир болуп калышынан Кудай сактасын эми. Анан дагы ал кыялкеч, айланасындагы кооздуктарга суктанганды жакшы көрөт. Кадимки эле нерселерден сулуулукту көрө билет. Мунусу өз кезегинде өзүнүн жарашыктуу уясын түзүүсүнө жардам берет.
Албетте, ал эч кандай курт эмес. Бирок кагаз китеп берген сезимдер ээ-эй, анын ичинде эмоциялардын куюнун ойготкондой. Бул бир жагынан терапия, бир жагынан жашоо образы, дагы бир жагынан билимге жол. Ал китептерди жутуп окуйт деп айтууга болбойт, тескерисинче, чыгарманын ар бир жерин акырын, ойлонуп окуйт. Бегимай бир эле жолу эмес, бир нече тилде окуган чыгармалары да бар. Айтмакчы, ал бирден көп, ал тургай экиден да көп тил билет.
Бегимай өзү үчүн эч качан сайт жасамак эмес. Ал өзүнүн эң чоң жетишкендиги деп досторун эсептейт. Анын кайра-кайра баргың келген атмосфера түзө алган жөндөмдүүлүгү болбогондо, адамдар анын жашоосуна жөн гана статисттердей келип, кете беришмек… Биз ал тууралуу дүйнөгө айтып берүү өз милдетибиз деп чечтик. Ким билет, балким бул дүйнөнүн бермети менен бардык кыйынчылыктарды да, кубанычтуу учурларды да бөлүшүүгө даяр адам сендирсиң. Биз, анын достору, билебиз: анын бул дүйнөгө бере турган нерсеси бар. Болгону дүйнө биринчи кадамды жасашы керек.
Биз, анын достору, билебиз: анын бул дүйнөгө бере турган нерсеси бар. Болгону дүйнө биринчи кадамды жасашы керек. Кадимки коомдук шарттарда таанышуу ал үчүн оор. Бул сайт ошол нюансты жумшартуу үчүн жасалды. Эми сөздү кантип баштайм деп баш катыруунун кереги жок. «Салам, уктап жатасыңбы?» деп эле жазса жетиштүү.
Ал сенин билдирүүңдү көрөт. Эгер аны кызыктыра алсаң — жооп берет. Болбосо — жооп бербейт. Таарынба)
Fortes fortuna juvat.
Эми жөн эле жаза сал.
Бегимай аны Telegram'дан алат. Сүйлөшүүнү уланткысы келсе, калтырган контактыңыз аркылуу өзү сиз менен байланышат.